Акыйкатчы Россияда кыргызстандык мигранттар убактылуу кармалган мекемеде болду
RU

Акыйкатчы Россияда кыргызстандык мигранттар убактылуу кармалган мекемеде болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва облусунун Сахарово кыштагындагы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды. Ал жерде мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат.

Акыйкатчы институтунан билдииршкендей, Жаманбаева убактылуу камактагы Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп, жеке кабыл алып, кармоо шарттары менен таанышты.

Убактылуу кармоочу жайда Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду.

Акыйкатчы институтунун, Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган кыргызстандыктарга юридикалык кеп-кеңештерди беришти.

Ошондой эле өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылгандардын ишин акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алып, арыздар Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту жана Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматы тарабынан биргелешип карала турганын белгиледи.

Аталган мекемеде негизинен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандар кармалышууда, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту мандатына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, тигил же бул жагдайлардан улам атайын мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча баардык чараларды кабыл аларын белгилеп өттү.

Андан кийин акыйкатчы Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго барып чет элдик жарандардын документтерин кабыл алуу шарттары менен таанышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14159