Улукбек Марипов буга чейин социалдык тармакта жазышкан Сонунбү Сатаровага баш бакты
RU

Улукбек Марипов буга чейин социалдык тармакта жазышкан Сонунбү Сатаровага баш бакты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Премьер-министр Улукбек Марипов Сонунбү Сатаровага баш бакты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, мындан мурун Сонунбү Сатарова тууралуу колдонуучулар социалдык баракчаларга жазып, Улукбек Мариповду белгилешкен. Ал эки баланы апасы. Сегиз жаштагы кызы бюрократиялык көйгөйлөргө байланыштуу мектепке бара элек, ал эми 7 жаштагы Билалдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген.

Премьер-министр ар бир өзгөчо баланын апасы өкмөттүн жана коомдун колдоосун сезип туруш керек, деп айтты.

"Бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат", - деп Марипов жазды.

Премьер, Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилген жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара алат тургандыгын айттып, материалдык жана социалдык абалына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар, - экендигин белгиледи.

"Ыйык Рамазан айында Сонунбу Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрдүм. Үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, аларга ден-соолук, күч-кубат жана узак өмүр кааладым", - деп Улукбек Марипов өзүнү постунда жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1415