"Барсанын" легендалары Жалал-Абад шаарына келишти. Видео
RU

"Барсанын" легендалары Жалал-Абад шаарына келишти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-августта саат 12:30да Жалал-Абад шаарына испаниялык клуб "Барселонанын" легендалары келишти.

Видеодон алар мейманканага токтоп, жергиликтүү тургундарга колун көтөрүп, учурашып жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн кечки саат 17:00дө Жалал-Абад шаарында испаниялык клуб "Барселонанын" академиясы ачылат.

Ал Борбор Азия боюнча биринчи болуп Кыргызстанда курулду. Анын ачылышына Испаниянын легендарлуу оюнчулары катышары күтүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14168