Эмгек министрлиги 2024-жылдагы майрам күндөрдүн календарын жарыялады
RU

Эмгек министрлиги 2024-жылдагы майрам күндөрдүн календарын жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылга өндүрүштүк календарь жана жумуш убактысынын ченемин бекитти. Анда майрам күндөрү көрсөтүлгөн.

2024-жылы эки күндүк дем алыш күндөр менен беш күндүк иш жумасынын иш күндөрү 250 күндү түзөт.

Анын ичинде 8 майрам алдындагы күндөр, 104 дем алыш күн, жумуш эмес майрам күнү дем алыш күнгө туш келгендигине байланыштуу 4 кошумча эс алуу күндөрү - 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь.

Ай календары боюнча аныкталуучу Орозо-Айт жана Курман Айт майрамдарын эске албаганда, 12 майрам күн болот.

Белгилесек, министрликтин жобосуна ылайык, эгерде майрам күндөрү дем алыш жана жумуш эмес күндөргө дал келсе, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14171