Кримтөбөл Карышкырдын жакын адамы кармалды. Ал оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн
RU

Кримтөбөл Карышкырдын жакын адамы кармалды. Ал оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Карышкырдын (Мурсалым Умырзаков) жакын адамдарынын бири кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн дешет ИИМдин басма сөз кызматынан.

Окуя 2022-жылдын жаз айларында Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында болгон. Анда белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды уурдап кетип, көрүстөнгө алып барып, денесине оор залал келтиришкен. Жабырлануучу жаракаттарынан улам каза болгон. Көп өтпөй оор кылмышка тиешеси бар төрт адам кармалып, алардын арасында "Карышкыр" каймана аты бар кримтөбөл да бар экени аныкталган.

Кылмышка буйрутма кылган делинип өлтүрүлгөн жарандын аялы кармалган. Алардын бардыгына кылмыш иши козголуп, жазаларын өтөп жатышат.

Ал эми 1992-жылы туулган Х.А. бул оор кылмышка түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан, изин жашырып жүргөн. Ага карата издөө жарыяланган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсү менен биргеликте 122-берене (Адам өлтүрүү), 261-берене (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 130-берене (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1992-жылы туулган Х.А.нын жүргөн жерин аныкташкан. Аны кармоо операциясы Чүй облусунун аймагында жүргүзүлүп, Панфилов районунун аймагынан кармалды. Кармалган адам Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилесек, акыркы болуп кармалган Х.А. "Карышкыр" каймана аты бар криминалдык төбөл Мурсалым Умырзаковдун жакын адамдарынын бири. Умырзаков "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу", "Адам уурдоо", "Опузалап талап кылуу" жана "Адам өлтүрүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14173