Роналдиньо Кыргызстанга келбейт. Себеби?
RU

Роналдиньо Кыргызстанга келбейт. Себеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Барселона" клубунун Кыргызстандагы академиясынын президенти Айбек Алыбаев Роналдиньо Кыргызстанга келбей турганынын себебин түшүндүрдү.

Көптөн күткөн Роналдиньо Кыргызстанга келбей турган болду. Бул тууралуу маалыматтар эл аралык басылмаларда тарап жатат.

Мындан улам kaktus.kg редакциясы испаниялык "Барселона" клубунун Кыргызстандагы академиясынын президенти Айбек Алыбаев комментарии берип, бул маалыматты тастыктады.

Ал буга чейин Роналдиньо түз байланышка чыгып, клуб менен келишим түзүлгөнүн билдирди. Ал эл аралык басылмалардан Роналдиньону үйүнөн күч түзүмдөрү кармап, паспортун алып коюшнанын укканын айтып, азыр ал байланышка такыр чыкпай жатканын кошумчалады.

Айбек Алыбаев башка "Барсанын" легендалары да чоң майрам тартуулап жатканын айтып, Роналдиньонун келбей калышына эч кимдин күнөөсү жок деп эсептейт. Кантсе да уюштуруучулар акырына чейин үмүт үзүлбөй турганын кошумчалады.

Эске салсак, 31-августта Бишкектин Д. Өмүрзаков стадионунда Барселонанын легендалары менен президент Садыр Жапаров коштогон Азиянын ардагерлери футбол ойнойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14178