Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогу тополоң менен аяктады (видео)
RU

Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогу тополоң менен аяктады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында көк бөрү боюнча президенттин кубогу болуп өттү. Оюн жаңжал жана тополоң менен аяктады.

Кубок Төлөйкан ат майданында өтүп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулду. Финалга "Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары чыкты. Оюндун жыйынтыгында жеңиш "Ынтымак" командасына ыйгарылып, жергиликтүү көрүүчүлөр калыстарга нааразы болушкан.

Нааразы болгон көрүүчүлөрдүн тобу талаага чуркап чыгышты. Айрым маалыматтарга караганда, калыс сабалган. Ошондой эле тополоңдо бир адам тепсендиде калган. Милиция калысты талаадан алып кетти. Милиция териштирүү иштерин баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14199