Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталды
RU

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарынын үчүнчү сессиясы башталды. Эл өкүлдөрүнүн жыйыны Кыргызстандын гимнин аткаруу менен башталды.

Төрага Нурланбек Шакиев кесиптештерин сессиянын башталышы менен куттуктады. Ал депутаттар аймактардагы шайлоочулар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укканын эске салды. Төрага депутаттар жарандардын жашоосуна оң таасирин тийгизе турган мыйзамдарды иштеп чыгат деген ишенимин билдирди. Андан соң кийинки жыйынга чейин тыныгуу жарыялады.

Табло боюнча биринчи жыйынга 65 депутат катталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14208