Россельхознадзор "Тойбосс" колбасаларынан дагы мыйзам бузууларды аныктады
RU

Россельхознадзор "Тойбосс" колбасаларынан дагы мыйзам бузууларды аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россельхонадзор Россияга импорттолгон мал чарба продукцияларынын үлгүлөрүн лабораториялык текшерүүдө Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандан жеткирилген товарларда мыйзам бузуулар болгонун аныктады.

Ведомствонун сайтында айтылгандай, Кыргыз Республикасынан келген товарларда төмөнкүдөй мыйзам бузуулар аныкталган:

  • "Нурагрорыбпром" ЖЧКсынын форель балыгында дары-дармектердин калдыктары;
  • "Адал-Азык" соода маркасынын "Тойбосс" ЖЧКсынын колбасаларынан микробдук трансглютаминаз табылган.

Kaktus.media жогорудагы компаниянын өкүлдөрү менен байланышууга аракет кылып, жооп ала элек.

Эске салсак, апрель айында Россельхознадзор "Тойбосстун" колбасаларынан чочконун ДНКсын тапканын билдирген. Бирок компания шарият боюнча союлган малдын эти гана колдонуларын белгилеп, маалыматты четке каккан. Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да талкууланган. Андан соң айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов чийки затка, татымалга жана даяр продукцияга 20 экспертиза жүргүзүлүп жатканын, беш анализдин жыйынтыгында алардан чочко ДНКсы табылбаганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14217