Кыргызстандын мектептеринде россиялык 120 мугалим сабак бере баштады
RU

Кыргызстандын мектептеринде россиялык 120 мугалим сабак бере баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мектептеринде 1-сентябрдан тарта россиялык 120 мугалим сабак бере баштады. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги билдирген.

Анда Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде "Чет өлкөдөгү орус мугалими" долбоорунун алкагында мугалимдер иштей баштады.

Алар 51 мектепте балдарга билим беришет.

Эске салсак, Билим күнүндө Кыргызстан менен Россиянын президенттери Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы билим берүү мекемелеринин курулушуна видеокөпүрө аркылуу капсула салышты. Курулуштун өзү 2024-жылы башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14226