Соцтармактын колдонуучусу аймактык кастыкты козутканга шектелип кармалды
RU

Соцтармактын колдонуучусу аймактык кастыкты козутканга шектелип кармалды

Все самое интересное в Telegram

Социалдык тармактарда аймак аралык кастыкты козутканга шектүү жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилесек, 2-сентябрда социалдык тармактарда белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видеокайрылуу жасаган видеосу тараган.

Видео Бишкек ШИИББ тарабынан каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү 1996-жылы туулган А.С. экендиги такталып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тиешелүү тергөө иш-амалдары улантылууда.

Ички иштер министрлиги мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14232