Бишкекте мектептердин биринде сабактар онлайн өтүүдө
RU

Бишкекте мектептердин биринде сабактар онлайн өтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №32 мектепте сабактар онлайн өтүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуучулардын ата-энелери кабарлашты.

Аталган мектептин директору Гүлмира Бектурова бул маалыматты ырастады. Айтымында, Капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин коридорунда оңдоо иштерин жүргүзүп, эски полду алмаштырып, заливка куйган. Азыр аны жылмалап тегиздөө иштери калды деп билдирди.

Ал эми Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинен редакцияга буларды билдирди. "Капиталдык курулуш башкармалыгы бүгүн, 4-сентябрда оңдоо иштерин аяктаганын маалымдады. Эртең, 5-сентябрдан тарта окуучулар мектепке барып окуп башташат", - дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14233