Блогер 60 миң сом талап кылганга шектелип кармалды
RU

Блогер 60 миң сом талап кылганга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен акча талап кылганга шектелип блогер кармалды. Бул туурасында УКМКдан маалымдашты.

Маалымдалгандай, блогер А. Джумагулова Чүй ОИИББдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом талап кылган. Ал кызматкерди Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеону таркатам деп коркуткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, 30-августта блогер А. Джумагулова 60000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалды. Ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14239