Акыйкатчы институту сот процесстерин аудио, видеого каттоодо көйгөйлөр бар экенин аныктады
RU

Акыйкатчы институту сот процесстерин аудио, видеого каттоодо көйгөйлөр бар экенин аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы институту сот органдарын жыйындарды аудио жана видео каттоо менен тынымсыз камсыздоого чакырды. Институттун сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери сот процесстерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүдө, маселелер бар экени аныкталды.

Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев аудио жана видео фиксация системалары бузулгандыктан сот процесстери башка учурга жылып калып жатканын билдирди.

Айтымында, Кылмыш-процессуалдык-кодексинин 283-бөлүмүнө ылайык, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так регламенттелген.

"11-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган процесс аудио, видео каттоо системасы иштебей калгандыктан өткөн жок. Техникалык бузулуу өз маалында оңдолбой, сотко катышып жаткандарды нааразы кылды", - деп айтты ал.

Калчабаев АВФ системасы өз маалында техникалык тейлөө көрсөтө албаганы кылмыш иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого тоскоол болоорун кошумчалады.

КРнын Акыйкатчы институту компетенттүү сот органдарын АВФ системасынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна көңүл бурууга чакырды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Lойер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14253