Жалал-Абадда кофе, чай, кургак сүттү мыйзамсыз даярдаган жай аныкталды. Видео
RU

Жалал-Абадда кофе, чай, кургак сүттү мыйзамсыз даярдаган жай аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда ири көлөмдө кофе азыктарын мыйзамсыз даярдап, сатып жүргөн жаран аныкталды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Такталгандай, 8-июлда Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына Жалал-Абад шаарынын базарында, соода түйүндөрүндө мыйзамсыз колдо жасалган кофе азыктары сатылып жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокен районунун 1990-жылы туулган С.Э. аттуу тургуну кофе азыктарын 2 жерде даярдап жүргөнү аныкталган.

Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде С.Э.нин Кочкор-Ата шаарындагы үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда жасалма кофе жана башка азык-түлүк продукцияларын чыгаруучу 1 даана станок, 3 кап колдо жасалган MacCoffee, кофенин пакети - 11 даана рулон, 72 коробка колдо жасалган Frima кургак сүтү, 2 кап Bayce чайдын сырты, 3 кап колдо жасалган "Мурас" куруту жана 12 капта "Мурас" курутунун сырты алынган.

Ал эми экинчи даректен 132 коробка колдо жасалган MacCoffee, 5 коробка колдо жасалган Frima кургак сүтү жана 1 даана компьютердин процессору табылган.

Азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14261