"Жердеги бейиш". Чок-Талда жаңы заманбап пансионаттын курулушу башталды
RU

"Жердеги бейиш". Чок-Талда жаңы заманбап пансионаттын курулушу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ROYAL курулуш компаниясы Чок-Талдагы алдыңкы жээкке ROYAL RESORT пансионатын курууну баштады.

"Кыргызстан кооз жана кайталангыс жаратылыш ландшафттары менен таанымал өлкө болууга татыктуу. Ал эми Ысык-Көл кооздугу, жайгашкан жери жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында өлкөбүздүн бермети болуп саналат", - деп белгилейт ROYAL курулуш компаниясы.

"Заманбап адамдардын көпчүлүгү шарттары жагымдуу жерлерде эс алууну артык көрөрүн түшүнөбүз. Жаңы ROYAL RESORT пансионаты дал ушундай мыкты эс алуу жайына айланат".

Шаарчада ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттары каралган заманбап таунхаустар, коттедждер жана батирлер курулат. Фасаддар аппак жана ачык түстө жасалат. Турак жай менен катар зарыл инфраструктура тез арада курулат: спорт аянтчалары, СПА борборлору, балдар аянтчалары, ресторандар жана башка көптөгөн нерселер.

"Ошол эле учурда идеалдуу эс алуу тууралуу ар ким ар кандай ойдо экенин даана билебиз", - деп белгилешти ROYAL компаниясынан. "Ошондуктан пансионат активдүү эс алууга да, максималдуу эс алууга да шарттарды түзөт".

Долбоор тууралуу кыскача маалымат:

  • Аймагы - 16.2 га
  • Батирлер, таунхаустар, коттедждер каралган
  • Шыпынын бийиктиги 3 метрден
  • Аймактын 80% жакшыртууга бөлүнгөн
  • Бардык курактагылар үчүн тематикалык көп функциялуу оюн аянтчалары
  • Үн жана жылуулук изоляциясы
  • Жылуу сериядагы терезелер
  • Бассейн
  • Лифттер
  • Машыгуу залдары
  • Дүкөндөр

ROYAL компаниясы турак жайлар бардык нормаларды жана заманбап талаптарды эске алуу менен куруларын белгилейт. Жалпысынан пансионаттын эстетикасына көп көңүл бурулган.

"Курулуш үчүн жер тандоодо жээк сызыгына да көңүл бурдук", - деп баса белгилешти ROYAL компаниясынан. "Жантайыңкы кумдуу жээги бар. Пляж уникалдуу пирс жана ыңгайлуу пляждагы эс алуу үчүн зарыл болгон башка нерселер менен жабдылат".

Маалымат үчүн: Чок-Тал – Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги чакан курорттук айыл. Тамчы айылынан (аэропорт жайгашкан) 7 чакырым чыгыш тарапта, Чолпон-Ата шаарынан 30 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Чок-Тал бир гана популярдуу курорт эмес, ошондой эле кызыктуу тарыхый жерлери бар.

ROYAL курулуш компаниясы Кыргызстандын рыногунда 12 жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде 30 объект ийгиликтүү бүткөн. Ишкананын артыкчылыгы - объектилерди ез убагында тапшыруу!

Кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн байланыш номерлери: 0776-111-444, 0556-111-444 (WhatsApp), 0706-111-444

Сайты: royal.kg

1-кеңсе: Бишкек шаары, Коёнкөзов көчөсү, 75. Иш убактысы саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

2-кеңсе: Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 44. Иш убактысы саат 12:00дөн 20:00гө чейин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14263