Келерки жылдан баштап Кыргызстан жарандары үчүн паспортторду өзү чыгара баштайт
RU

Келерки жылдан баштап Кыргызстан жарандары үчүн паспортторду өзү чыгара баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тарыхта биринчи жолу Кыргызстан өз жарандары үчүн паспортторду басып чыгара турганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал "паспорт мафиясы жок кылынды" деп айтып, ага бир жыл убакыт кеткенин кошумчалады.

"Жыл башында Президент Жапаров Кыргызстанда жарандардын улуттук паспортторун басып чыгаруу жакында ишке кирерин билдирген.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Учкун" мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык.

Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан.

Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында Мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес.

Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык.

Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Кийинки жылдан тартып өзүбүздүн улуттук валютаны да басып чыгара баштайбыз", - деп жазды Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14265