Алдамчылыкка шектелген аял ымыркайын таштап, Түркияга качууга аракет кылган
RU

Алдамчылыкка шектелген аял ымыркайын таштап, Түркияга качууга аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто ири суммадагы алдамчылыкка шектелген аял жаӊы төрөгөн баласын ооруканага таштап, Түркияга качууга аркет кылган. Ал аэропорттон кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1991-жылы туулган К.А.нын үстүнөн Ош шаарынын 4 жашоочусу арызданган. Арызда көрсөтүлгөндөй, алар К.А.га жалпы суммасы 698 миӊ доллар (538 миӊ, 40 миӊ, 50 миӊ жана 70 миӊ) акча каражаттарын беришкен. Анткени К.А. ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин сатарын айткан.

Бул кылмыштуу аракетке байланыштуу "Алдамчылык" беренеси (209-берене) менен иш козголгон.

Шектүү тергөөгө бир нече ирет чакыртылган, бирок ал Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен. Жаңы төрөлгөн баласын Бишкектеги ооруканага медицина кызматкерлерине айтпастан таштап, Бишкек-Стамбул багыты боюнча учууга аракет кылып жатканда Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, түштүк аймактык бөлүмгө жеткирилген.

Ал эми Бишкектеги оорукана жетекчилиги тарабынан өз баласын таштап кеткендиги боюнча акт түзүлгөн.

Ош шаардык сотунда 31-августта кылмыш иши каралып, келтирилген чыгым ири суммада экендигин жана шектүү качып кетиши мумкүндүгү эске алынып, шектүүнү 15-сентябрга чейин абакта кармоо чечим чыккан.

Ош ШИИБдин тергөө кызматынын маалыматына ылайык, К.А.нын үстүнөн Бишкек ШИИББге да арыз түшкөн. Бишкектик жабырлануучулардын чыгымы 300 миӊ доллардан көп.

Милиция жабыркагандар болсо Ош ШИИБдин тергөө кызматына кабар берүүнү суранат. Байланыш телефондору: 03222-4-82-82.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14278