Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов кызматтан кетип, башка креслого отурду
RU

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов кызматтан кетип, башка креслого отурду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов кызматтан кетип, Улуттук инвестиция агенттигине жетекчи болуп барары күтүлүп жатканын Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдиришкен.

Бир нече сааттан кийин президенттин администрациясы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Талантбек Иманов президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалганын маалымдады.

Белгилесек, Иманов 2022-жылдын январында Кыргызстандын министрлер кабинетине келген. Анын жогорудагы кызматка дайындалышы сынга кабылган. Ал билими боюнча юрист, "ТНК Дастан", "Газпром нефть Азия" ЖЧКсында иштеген, "Полигон" ЖАКтын директору болгон.

Иманов Алексей Ширшовдун айдоочусу болуп иштегени айтылган. Муну Иманов өзү тастыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14292