Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган деп экс-чиновник кармалды. Видео
RU

Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган деп экс-чиновник кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин экс-директору президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси А.Д.Б. кармалды (ред.: Данияр Акматов).

Бул факты боюнча УКМК тарабынан "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш ишин козголду.

Коопсуздук кызматкерлери А.Д.Б чагымчыл материалдарды таркатам деп коркутуп, шантаж кылып мамлекет башчынын жардамчысынан 300 миң доллар талап кылганын аныкташкан. Ыкчам иштердин жүрүшүндө 6-сентябрда паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган А.Д.Б. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14299