Апасын ур-токмокко алган киши арачага түшкөн милицияны да сабап салган
RU

Апасын ур-токмокко алган киши арачага түшкөн милицияны да сабап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте апасын жана милиция кызматкерин токмоктогон жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билидиришти.

Маалым болгондой, 7-сентябрда саат 14:30 чамасында милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей жаткан жаран тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча 280-берене ("Ээнбаштык") менен иш козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган С.Н. аттуу жашоочусу кармалды. Ал тергөө бөлүмгө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Такталгандай, участкалык милиция административдик аймакты кыдыруу учурунда үйлөрдүн биринен аялдын кыйкырып жатканын уккан. Жерине барганда мас абалдагы киши апасын уруп жатканын көрүп, жаңжалды токтотууга аракет кылган. Бирок жаран милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбек, каршылык көрсөтүп, милицияны да бир нече жолу урган. Кызматкер жаракат алып, медициналык жардам алды.

Учурда териштирүү улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14307