Коомдук транспорттордун жетишсиздигинен улам кичи автобустар каттамга чыкмай болду
RU

Коомдук транспорттордун жетишсиздигинен улам кичи автобустар каттамга чыкмай болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сентябрь айынын башынан тарта жаңы автобус каттамдары ишке киргизилип, айрым туруктуу маршруттук таксилердин линиялары жоюлган. Бул өз кезегинде транспорттордун жетишсиздигин жаратып, коомдо нааразычылык пайда болду.

Бишкек мэриядан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы жана мэриянын транспорт башкармалыгы тарабынан учурда сегиз каттам иштелип чыгып, киргизилди.

"Жаңы каттамдар ишке киргизилген алгачкы күндөрдө кемчиликтер болгон. Бүгүнкү күндө абал жөнгө салынып, учурда каттамдарды толуктоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришет мэриядан.

Ошондой эле автобустук каттамдар толукталганга чейин кичи автобустарды убактылуу ишке киргизүү чечими кабыл алынды.

Мэрия маршруттук таксилер кайсы мөөнөткө чейин жүрө турганын айткан жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14308