Жалал-Абадда клубдун алдында эркек киши бычакталган. Шектүү кармалды
RU

Жалал-Абадда клубдун алдында эркек киши бычакталган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө аракет жасады деген шек менен 19 жаштагы бала кармалды. Бул туурасында редакцияга облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 7-сентябрга караган түнү саат 01:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуу клубдарынын биринин алдында 35 жаштагы жаранга бейтааныш бала бычак менен бир нече жолу сайып, денесине жаракат келтирген. Жабырлануучу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14309