Call-борбор: жаңы автобустар жол кирени накталай алып жатышат
RU

Call-борбор: жаңы автобустар жол кирени накталай алып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media call-борборуна шаар тургуну кайрылып, линиядагы кичи автобустарды алмаштырган айрым автобустар валидаторсуз (ката менен төлөө шайманы жок) иштеп жатканын билдирди.

Окурман "айдоочулар ачыктан-ачык эле линияга кирип, накталай төлөмдөрдү алып жатышат" деп нааразы болуп, бүгүн, 8-сентябрда тарткан видеосу менен бөлүштү.

Видео саат 15:00 чамасында №195 автобус Москва көчөсү менен микрорайондорду карай жүрүп баратканда тартылган.

"Жаңы автобустар ушул үчүн сатылып келинди беле?" – деп жүргүнчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14321