Мароккодогу жер титирөө миңден ашуун адамдын өмүрүн алды
RU

Мароккодогу жер титирөө миңден ашуун адамдын өмүрүн алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мароккодогу коркунучтуу трагедия – жер титирөөнүн натыйжасында курман болгондордун саны 1037 адамга жетти, жүздөгөн адамдар жарадар болушту. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Турак жай имараттары, анын ичинде байыркы Марракеш шаары олуттуу зыянга учурап, орто кылымдагы шаар дубалы бир нече жеринен жарака кеткен. Жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарда уюлдук байланыш жана электр жарыгы боюнча көйгөйлөр жаралды.

Евробиримдик, Улуу Британия, Түркия жана Индия кесепеттер менен күрөшүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14333