Президент "Акылман" лицейинин окуучуларына планшет тапшырды
RU

Президент "Акылман" лицейинин окуучуларына планшет тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдардын президенттик "Акылман" лицейине пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда мамлекет башчы окуучулар менен окуу программасы, жетишкендиктери жана келечек тууралуу маектешкени айтылды. Жапаров жолугушууда ар бир балага өзүнүн атынан планшет тапшырды.

"Мамлекет башчысы мындан ары окуунун жүрүшүндө алынган билим өлкөнүн жана коомдун жыргалчылыгы үчүн багытталышы керектигин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14337