Кыргызстандан унаа менен көмүр ташып чыгууга убактылуу чектөө кирди
RU

Кыргызстандан унаа менен көмүр ташып чыгууга убактылуу чектөө кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Документте айтылгандай, тыюу ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификацияланган көмүрлөргө алты айлык мөөнөткө киргизилет. Бирок "Эркештам" жана "Торугарт" автомобилдик өткөрүү пунктарына тиешелүү эмес.

Ошондой эле токтомдо 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүүдө калк жана бюджеттик уюмдар үчүн көмүр жетишсиз болгон жана баасы жогорулаган учурда КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөтүнүн башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөө каралган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14350