Facebook`ка чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга шектелген жаран камакка алынды
RU

Facebook`ка чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга шектелген жаран камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялаган деп кармалып, камакка алынды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, Зарина Төрөкулова деген аккаунттун ээси Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына ("Массалык баш аламандыктар") туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө тараткандыгы аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын жараны.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.З. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 9-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 30-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги срт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14357