Жеңиш аянтында Садыр Жапаровду жана Камчыбек Ташиевди колдоп келген жарандар чогулушту
2417
Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында, бүгүн, 28-апрелде, президент Садыр Жапаровду жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди колдоо митинги өтүп жатат.
Митингге катышкан жарандардын айтымында, митингдин максаты - өлкөнүн президенти жана УКМКнын төрагасы жүргүзүп жаткан саясатты колдоо. "Ооба, каталар кетип жатат, бирок эч нерсе кылбаган киши гана жаңылбайт. Эң негизгиси - бул алардын элге кызмат кылам деген таза жүрөгү".
Алар түрдүү митингдерге каршы жана Садыр Жапаровго убакыт бериш керек, деген пикирде.
slide 2 of 3
Андан тышкары бейөкмөттүк уюмдарга каршы экенин да билдиришти.
"Биз митингге 100 адам чыгып алып жалган маалыматты таратуусун каалабайбыз, бизге тынчтык керек", - деп митингдин катышуучулары билдиришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/1436