"Сизди сатып кетти". Алымкадыр Бейшеналиевге депутат күчтүү команда түзүүнү сунуштады
RU

"Сизди сатып кетти". Алымкадыр Бейшеналиевге депутат күчтүү команда түзүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкер Алымкадыр Бейшеналиевге сатып кетпей турган команда түптөөнү сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү паламенттин жыйынында айтты.

"Сиздин кайтып келишиңизге чын жүрөгүмдөн кубанып жатам. Бирок сиз министрликтен түшүп, сизге кылмыш иши козголгондо жаныңызда эч ким калган жок. Орун басарларыңыздын баары өзүңүзгө каршы чыкты эмнегедир. Сиз кеткен күнү баары сатып кетти, туурабы? Сунуш катары айтарым, президенттин администрациясы менен да, өкмөт менен да сүйлөшүп, өз командаңызды түзсөңүз. Чоң-чоң реформаны жасоо үчүн жетекчинин командасы күчтүү болуп, колдоп турушу керек. Жаныңызда жүрүп капталдан чыгып, каршы болуп турса иш алдыга жылбайт", - деди ал.

Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айткандарына кошулуп, командасына кесипкөй адамдарды топтой турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо министринин үч орун басары - Жапаркул Ташиев, Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов маалымат жыйынын өткөрүп, Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровдон Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну суранышкан. Кийинчерээк үчөө тең кызматтан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14384