Экономика министринин орун басарларынын саны кыскартылды
RU

Экономика министринин орун басарларынын саны кыскартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны кыскартылды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 20дан ашык маселе каралды.

Оотурумдун жүрүшүндө экономика жана коммерция министринин орун басарларынын санын кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Мындай чечим аталган министрликтин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны 4 адамга кыскарды.

Мындан тышкары ушул эле чечим менен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда Туризм департаментинин директорунун кызматында министрдин орун басары рангы алынып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14396