Россияда 24.kg сайтына кирүүгө тыюу салынды
RU

Россияда 24.kg сайтына кирүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Роскомнадзор 24.kg маалымат агенттигинин жаңылыктар түрмөгүнө кирүүгө тыюу салды. Бул туурасында аталган басылма билдирди.

Белгиленгендей, былтыр күзүндө 24.kg маалымат агенттигине Роскомнадзордон айрым макалаларды алып салууну талап кылган бир нече кат келген. Алардын баары Украинадагы окуялар тууралуу маалыматтарга тиешелүү эле. 24.kg маалымат агенттиги жаңылыктарды өчүрүүдөн баш тарткан. Анткени, басылма белгилегендей, алар Кыргызстанда колдонулуп жаткан улуттук мыйзамдарды эч кандай бузбайт.

Роскомнадзордун маалыматына караганда, 24.kg сайтынын баракчасына гана кирүү чектелген. Бирок окурмандардын айтымында, айрым баракчалары эмес, бүтүндөй сайт бөгөттөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14400