Садыр Жапаров Тажикстанга барды. Аны ким тосуп алды?
RU

Садыр Жапаров Тажикстанга барды. Аны ким тосуп алды?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда Душанбе шаарына барды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышат. Андан тышкары Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Президент менен барган расмий делегациянын курамы:

  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары - Адылбек Касымалиев;
  • Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри - Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы - Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси - Эрлан Абдылдаев;
  • Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14401