Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргызстандык боюнча элчилик маалымат берди
RU

Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргызстандык боюнча элчилик маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада 12-сентябрда башы жок эки адамдын сөөгү табылган. Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, каза болгондордун бири кыргызстандык болгон. Ал эми мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү Өзбекстандын жараны экени кабарланган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул маалыматты тактоо үчүн Москва шаары боюнча тергөө комитетинин Головинский райондор аралык тергөө бөлүмүнө кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Фестивальный көчөсүнө жакын жердеги сейил бактан адамдын жансыз денеси башы жок абалда табылгандыгы боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү "Киши өлтүрүү" менен кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүүдө.

Элчиликтин жана маркумдун апасынын катышуусунда тактоо иш-чарасы болду. Анда каза болгон адам 1994-жылы туулган Б. уулу С. аттуу КРнын жараны экени аныкталды.

Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан каза болгон жарандын жакындарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө, ошондой эле маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14403