Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон иш сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга болгон иш сапары аяктап, ал Бишкекке келди. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Андан соң Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты.

Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Андан тышкары төмөнкүлөргө кол коюлду:

  • Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;
  • Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14407