Баткенде чек ара чырында каза тапкандардын эстелик мемориалы ачылды
RU

Баткенде чек ара чырында каза тапкандардын эстелик мемориалы ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен шаарындагы "Жеңиш" паркында 2021-жылдын апрель жана 2022-жылдын сентябрь айларындагы чек ара курмандыктарынын элесине арналган эстелик мемориалынын ачылышы болду. Бул тууралуу Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы билдирет.

Эстелик мемориалында шейит кеткендердин тизмеси жана колуна жети көгүчкөндү кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын айкели тургузулган. Анда жети облустун биримдигинин символу чагылдырылган.

Белгилей кетсек, 13 жаштагы Мадина Рахматжан 29-апрелде каза тапкан. Ал апасы жана сиңдиси менен качып баратканда жанына снаряд түшүп, жарылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14419