Кыргызстандык ырчы Азат Райымбердиев Россиядагы вокалдык конкурстун жарым финалына өттү
RU

Кыргызстандык ырчы Азат Райымбердиев Россиядагы вокалдык конкурстун жарым финалына өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык ырчы Азат Райымбердиев "Россия1" телеканалынын "Ну-ка все вместе" вокалдык шоусунун жарым финалына өттү.

Ал Уитни Хьюстондун "I Have Nothing" чыгармасын аткарып, максималдуу 100 упай алды.

Ал өзүнүн баракчасында жазгандай, карьерасы бою ал Россиядагы музыкалык сынактарга жана шоуларга катышуу үчүн көп аракеттерди жасап, "эми жыйынтык көргөзүүгө убакыт келгенин " жазган.

"Акыркы жолу "Голос" долбооруна эки жыл мурун катыша албай калгам.

Эми, дагы бир жолу өзүмдү сынап эң популярдуу "Ну-ка все вместе" деген вокалдык шоуго катышууну чечтим. Ал эми бул бешинчи юбилейлик сезонго абдан күчтүү, таланттуу вокалисттер катышат, мен да алардын катарындамын", - деп жазган ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14427