Мурунку депутат Жаныбек Абиров Ironman (темир адам) аталды
RU

Мурунку депутат Жаныбек Абиров Ironman (темир адам) аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Италияда өткөн абройлуу Ironman жарышын аяктап, Ironman (темир адам) макамын алды.

"Ironman" мелдеши сентябрь айынын ортосунда Италиянын Эмилия-Романья шаарында өткөн. Жарыш Романья суусунда өтүп, анда спортчулар 3,85 чакырымды сүзүштү. Андан соң алар 180 чакырымды велосипед менен жарышып, 42 чакырым аралыгын чуркашты. Дистанциянын жалпы узундугу 225 чакырымды түздү. Жаныбек Абиров бул аралыкты 11 саат 49 мүнөт 43 секундда ийгиликтүү басып өтүп, "Ironman" медалы менен сыйланды.

Белгилей кетсек, бир ай мурун Жаныбек Абировду Борбордук шайлоо комиссиясы кайрадан депутат болууга талапкер катары каттоодон баш тарткан. Мындан кийин саясатчы БШК мүчөлөрүнүн чечимин сыйлаарын жана сотко эч кандай доо арыз менен кайрылбай турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14435