Өлкөдө кызамыкка каршы эмдөө кампаниясы башталды
RU

Өлкөдө кызамыкка каршы эмдөө кампаниясы башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө кампаниясы башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кызамык менен ооругандардын саны өлкө боюнча 2018ге жетти, көпчүлүгү балдар.

18-сентябрдан 29-сентябрга чейин кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампаниясы уланат. Бул иш-аракет вирустун жайылуусун алдын алат.

Иммунизация маселелери боюнча эксперттердин улуттук техникалык тобунун сунуштамасы боюнча эмдөө 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар арасында жасалат.

Кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен иммунизациялоо Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында жүргүзүлөт. Эмдөө үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ФАПтарда жана билим берүү мекемелеринде убактылуу пункттары ачылат, эмдөө акысыз.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14438