Мэрдин мурунку кеңешчиси Гуля Алмамбетова сот алдындагы митингди жетектеп жатат
RU

Мэрдин мурунку кеңешчиси Гуля Алмамбетова сот алдындагы митингди жетектеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-апрелде, Азиз Эшматовдун төрагалыгы алдында Бишкектин административдик соту КЭДПнин ишин карап жатат. Партия Боршйкомдун аларды шайлоодон четтетүү чечимине каршы чыгып арыз жазышкан.

Сот имаратынын жанында партиянын тарапташтары митинг уюштурушкан. Митингди Бишкектин мэринин мурунку кеңешчиси Гуля Алмамбетова жетектеп жатат.

Эске салсак, Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо процессин бузгандыгы үчүн КЭДП партиясын шайлоодон четтеткен. 24-апрелде Боршайком Бишкек аймактык комиссиясынын чечимин колдогон. Партия президентке ачык кайрылуу жасап, шайлоо процессиндеги адилеттүүлүктү сактоо керектигин эскерткен.

Бүгүнкү жыйында, БШКнын чечимине нааразы болгон бишкектик шайлоочулар да сотко доо арыз бергени белгилүү болду. Негизги арыз берүүчү Зарема Конгантиева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1443