Бишкекте бир нече адам тез жардам кызматынын дарыгерлерин сабап салышты. Видео
RU

Бишкекте бир нече адам тез жардам кызматынын дарыгерлерин сабап салышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тез жардам кызматынын дарыгерлерине кол салып, сабап салышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Тез жардам борборунан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 17-сентябрда борборго бейтап "дем жетпей жатат" деп кайрылган.

"Медициналык жардам көрсөтүү учурунда бейтап аны муунтуп жатат деп кыйкыра баштаган (бул калп, бейтапка нашатр спиртин жыттатышкан). Ошол эле учурда бейтаптын күйөөсү бригаданын дарыгерине кол салган. Андан соң бейтаптын күйөөсү башка адамдар менен бирге медициналык кызматкерлерге кол салган", - деп билдирди Медициналык тез жардам борбору.

Жабыркаган дарыгерлер укук коргоо органдарына арыз жазып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөтүлгөн.

"Бүгүнкү күндө бардык дарыгерлер эмгек өргүүсүндө", - деп билдирди Тез жардам борбору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14443