Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматтан кетти
RU

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматтан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тилек Мамадалиев өз каалоосу менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мамадалиев министрдин орун басары кызматына 2022-жылдын декабрында Жаркынбек Касымбековдун ордуна келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14453