Эртеңден баштап абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда кар жаайт
RU

Эртеңден баштап абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда кар жаайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-22-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Бул туурасында ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан маалымдашты.

20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, айрым жерлерде жаан катуу жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°;
  • Талас облусунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°;
  • республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2°…+3°, күндүз 4…9°;
  • бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2°…+3°.

Мындай туруксуз аба ырайы унаалардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү кызматына кабар берсеңиз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14464