Жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын өлкөдөн алып чыгуу фактысы аныкталды
Нарында чек арачылар жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын аткезчилик жол менен алып чыгууга аракет кылган жаранды кармашты. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалыматында айтылат.
Анда айтылгандай, 19-сентябрда саат 22:30да "Муз-Төр" чек ара постуна ВАЗ-2121 "Нива" унаасы токтогон. Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети белгисиз өсүмдүктүн тамырлары салынган 3 капты табышкан. Жүктүн жалпы салмагы 53 кг 400 г болгон.
Айдоочу жана эндиктин тамырлары салынган каптар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлдү.
Маалымат үчүн: Эндик өсүмдүгү жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн түрүнө кирет. Эндик Азия жана Түндүк Африкада өскөн дарылык касиети бар чөп (Boraginaceae тукуму), жалбырактары кезектешкен түрдө өсүп, жашына жараша сары же кызгылт көк гүл ачкан өсүмдүк болуп саналат. Тамырдын курамында шиконин деген биологиялык зат бар.