Калмак ашуусунда дайынсыз болуп жаткан жаран тик учактын жадамы менен табылды. Видео
RU

Калмак ашуусунда дайынсыз болуп жаткан жаран тик учактын жадамы менен табылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарындын Калмак ашуусунда дайынсыз болуп изделип жаткан белорустук айдоочу аман-эсен табылды. Маалыматты ӨКМдан кабарлашты.

Такталгандай, 19-сентябрда Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында ("Калмак-Ашуу" ашуусу) MAN жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калган. Саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу болгон эмес.

Унаанын ээсин издөө иши башталган. Ошол аймакта башка иш боюнча учуп жүргөн ӨКМдин тик учагы бийиктиктен издөөгө жардамга келген. Натыйжада 20-сентябрь күнү саат 11:00 чамысында айдоочу Соң-Көл жайлоосунан табылды.

Жарандын абалы канааттандырарлык. Учурда куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14483