Бекешев кылмыштуу топтун мүчөлөрүн Чолпон-Атаны калыбына келтирүүгө жардам берүүгө чакырды
RU

Бекешев кылмыштуу топтун мүчөлөрүн Чолпон-Атаны калыбына келтирүүгө жардам берүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл өкүлү Дастан Бекешев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн Чолпон-Атадагы селден кийинки калыбына келтирүү иштерине жардам берүүгө чакырды. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат табигый кырсык (сел) жыл сайын болорун, бирок тиешелүү кызматтардын аракеттери жакшы болбой жатканын белгиледи.

"Чолпон-Ата шаарында катуу сел болду. Тилекке каршы, чыгымдар бир топ эле болот. Чолпон-Атада бай, колунда бар адамдар, уурулар, положенецтер жана башкалар бар. Атайын эсеп ачып, чогуу жардам беришибиз керек", - дейт Бекешев.

Белгилесек, 20-сентябрда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында, Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылдарында сел жүрдү. Анын кесепетинен Чолпон-Ата шаарында 30 турак үй, анын ичинен 3 үйдүн ичине сел суусу кирип, 6 тамактануучу жайдын, 2 банк, 1 дүкөндүн короосун суу каптады, 3 ички чарбалык көпүрө зыянга учурады. Корумду айылында 1 турак үйдү суу каптады.

Селдин кесепетинен түзүлгөн кырдаалды тактоо жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Чолпон-Ата шаарынын мэринин тескемесинин негизинде Чолпон-Ата шаарына "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14498