Ошто мамлекеттик мектептен которулган балдарды жеке менчик мектептен чыгарып салган
RU

Ошто мамлекеттик мектептен которулган балдарды жеке менчик мектептен чыгарып салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында мугалим 1-класстын окуучуларын "мал" деп урушкан. Мугалимдин кемсинтүүсүнөн кийин шаар тургуну Г.И. балдарын жалпы билим берүү мектептен жеке менчик мектепке которууга мажбур болгон. Бирок жеке менчик мектеп балдарды кабыл алуудан баш тарткан деп айтылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.

Буга байланыштуу Ош шаарынын тургуну Акыйкатчы институтуна кайрылып, балдарынын укуктарын камсыздап берүүнү суранган.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы сентябрь айында Ош шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин биринде У.И. аттуу мугалим биринчи класстын окуучусун (Г.И.нин уулун) "мал, акмак" деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле ал класстагы балдарды "жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор" деп урушкан. Мунун баары Г.И.нин уулунун смарт-саатына жазылып калган. Аудио жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан. Ошондой эле аудио социалдык тармактарга жарыяланып, башка окуучулардын ата-энелери да нааразы болушкан.

Бул окуядан кийин мугалим У.И. 2022-жылы 30-сентябрда жеке арызы менен жумуштан кеткен. Бирок 2023-жылдын 4-апрелинде ал кайра эле кызматына кайткан.

Аталган фактыга Г.И. нааразы болуп, адегенде мектеп жетекчилигине кайрылып, андан кийин алардан аракет болбогондо Акыйкатчы институтуна арыз жазган. Акыйкатчы институту 2023-жылдын май айынан бери Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакырган.

Бирок август айына чейин жооп болгон эмес. 21-августта министрликтен келген жоопто мугалимдин тажрыйбасы эске алынып, кайрадан мектепке ишке алынганы айтылган. Ушул эле катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта иш алып бара турганы эскертилген эмес. Ошондой эле мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогону белгиленген.

Мындан улам Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага мугалимдин аракетине баа берүү чакырыгы менен расмий билдирме жөнөткөн.

Көзөмөл органы берген расмий катта У. И. мектеп окуучуларын кемсинтүү жана басымырлоо менен Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-беренесин бузганы айтылат. Ошондой эле 2023-жылдын 1-августунда аталган мектептин директору Б.Ж.га сөгүш жарыяланганы маалымдалган.

Ал эми Г.И. балдарын коргоо максатында аларды жеке менчик мектепке берген, бирок 16-сентябрда мектептен телефон чалышып, документтерди алып кетүүсүн айтышкан.

"Силерди Ош шаарындагы бардык мектептердин "кара тизмесине" киргизип салышты деп айтып жатышат. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок директор уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?", - деген эне.

Акыйкатчы институту Министрлер кабинетин балдардын билим алууга карата укугун сактоону камсыздоого жана баланын укуктарын бузууга өтө эле одоно жол берген тараптарга чара колдонууга чакырат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14504