"Компаньон банкы" "Стартап-улут" хакатонун колдоп, билим берүүчү стартапты сыйлады
RU

"Компаньон банкы" "Стартап-улут" хакатонун колдоп, билим берүүчү стартапты сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Компаньон Банк" 16-20-сентябрь күндөрү Бишкекте өткөн "Стартап-улут" аталышындагы масштабдуу хакатонунун өзгөчө өнөктөшү болду. Бул иш-чараны Accelerate Prosperity, Codify жана Kyrgyzpatent уюштурду. Бул хакатондун жалпы байге фонду 15000 долларды түздү. Анда өздөрүнүн стартап дараметин көрсөтүүгө умтулган 250 команда жана 1000 ашык катышуучу чогулду, алар 40 тажрыйбалуу ментордон баалуу кеӊештерди дагы алышты.

Банктын өкүлдөрү катышуучулар үчүн UX-аналитика, диджитал-маркетинг боюнча окутуу мастер-класстарын өткөрдү, ал эми 3 ментор долбоорлорду ийгиликтүү баштоого зарыл баалуу билим жана ресурстарды берип, катышуучулар менен түздөн-түз иштешти.

Банк муну менен чектелип калган жок. "Компаньон Банкы" 1000 доллар өлчөмүндө атайын байге уюштурду жана бул сыйлыкты инновациялык билим берүү тиркемеси үчүн ShiftED командасына тапшырды. ShiftED тажрыйбалуу насаатчылардын жардамы жаш адистерге өздөрүнүн карьералык жолун аныктоого жардам берген өзгөчө сервис болуп саналат.

Эмне үчүн ShiftED?

"Алар өзгөчө идеяны гана эмес, айкын бизнес-моделди жана өнүгүү планын көрсөтүштү, бул калыстардын жана хакатондун демөөрчүлөрүнүн көӊүлүн өзүнө бурду", - деди системалык интегратор жана "Стартап-улут" хакатонунун ментору Тимур Ким.

Хакатондун жеӊүүчүлөрү ушул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон маанилүү салымы үчүн "Компаньон Банкына" ыраазылык билдиришти.

Катышуучулардын бири жана команданын IOS-иштеп чыгуучусу Айдин Бектурганов банктын колдоосу менен хакатонго катышып, абдан зор тажрыйба алганын баса белгиледи.

"Компаньон Банкы" инновациялык идеяларды жана стартаптар келечегин колдоого болгон мүмкүнчүлүгү үчүн сыймыктанат. Биздин максат – жаш ишкерлерге ийгиликке жетүүгө жана өздөрүнүн стартап-кыялдарын ишке ашырууга жардам берүү", - деп белгиледи "Компаньон Банктын" санарип бизнес жетекчиси Камила Райымбекова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14514