Акылбек Жапаров Казакстанга барды. Ал кыргыз-казак өкмөттөр кеңешине катышат
RU

Акылбек Жапаров Казакстанга барды. Ал кыргыз-казак өкмөттөр кеңешине катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14526