Рафаэль Физиев Матеуш Гамротко техникалык нокаут менен утулуп калды
RU

Рафаэль Физиев Матеуш Гамротко техникалык нокаут менен утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеңил салмактагы UFC рейтингинин алтынчы орунунда турган Рафаэль Физиев Матеуш Гамрот менен беттешип, мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды.

Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 228 турниринин башкы беттеши болгон кармаш 2-раунддун 02:03тө Физиевдин техникалык нокауту менен аяктады.

Азербайжандыктык мушкердин жаракаты көрүнүп турганына карабай, польшалык мушкер калыс Херб Дин беттешти токтоткүча Физиевди урра берди.

Жыйынтыгында Физиев беттешти жыйынтык жарыяланганга чейин октагондон чыгып кетти. Формалдуу түрдө техникалык нокаут менен жеңишке жеткен Гамрот атаандашынын жаракат алганына анын коргонуу аракеттери себеп болгонун айтып, ошондой эле өзүнүн күчүн Чарльз Оливейра менен сыноого даяр экенин кыйытты.

Белгилей кетсек, Рафаэль Физиев буга чейин америкалык UFC мушкери Жастин Гэтжиге утулуп калган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14532